Ошто айыл-чарба жарманкеси өтөт

27.08.2021, 12:00 Акчабар
Ошто айыл-чарба жарманкеси өтөт

Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 31-август күнү Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, саамалык борбордук аянтында өтөт.

“Жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары сатылат. Негизинен кондитердик жана сүт азыктары коюлат. Баалар шаардыктар үчүн ыңгайлуу болоорун монополияга каршы агенттик өзү текшерип турат. Албетте, шаар тургундары товарларды башка күндөргө салыштырмалуу арзан баада ала алышат”, - деди мэриянын экономика бөлүмүнүн адиси Умида Шамшиева.

Айыл-чарба жарманкесин улай сатууга кол өнөрчүлөрдүн буюмдары да чыгарылат.

Тэги: эгемендүүлүк жарманке айыл-чарба Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть