Ошто алдамчылык менен ири суммадагы акча алып жүргөн жаран кармалды

02.09.2021, 14:30 Акчабар
Ошто алдамчылык менен ири суммадагы акча алып жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында өзүн “Алтын-Темир” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары тааныштырып, адамдардан ири суммадагы акча (доллар менен) алып, ай сайын негизги суммадан сырткары дагы каражат кайтарып берүүнү убадалап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралу “Акчабарга” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө жакында эле М.А аттуу адамдын үстүнөн эки арыз келип түшкөн. Маалыматка ылайык, ал арыздануучулардын биринен 30 миң, экинчисинен 39 миң доллар алып изин жашырган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери элден ири суммадагы акча алып кайтарбай жүргөн Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган тургунун кармашкан. Анын негизинде "Алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда шетүүнүн дагы канча кишини алдаганы аныкталып жатат.

Тэги: алдамчылык шектүү милиция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть