Ош облустук башкармасы Төлөйкан айылындагы 60 орундуу бала-бакчанын курулуш иштерин өткөрүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.
Тендердин жалпы суммасы 35 млн 191 мин сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, техникалык тапшырмага ылайык бала-бакча эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү шарт.