Оштогу Бабур театры 5 млн долларга реконструкцияланат

14.09.2021, 10:30 Акчабар
Оштогу Бабур театры 5 млн долларга реконструкцияланат

Оштогу Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрын толук реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу “Акчабарга” театрдын жетекчилиги билдирди.

Маалым болгондой, 1979-жылы курулган театр ушул күнгө чейин бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык эки тараптуу келишимдин негизинде башталды. Ага ылайык, Өзбекстан оңдоп-түзөө иштерине беш миллион доллар каражат бөлгөн.

Жаңылоо иштери 2022-жылдын башында бүтөт. Долбоорго ылайык, мекеменин имараты толугу менен оңдолот.

Тэги: театр реконструкцииялоо Ош бабур

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть