Ош облусунда жайыт жерлердин абалы жыл өткөн сайын начарлоодо. Анын кесепетинен жайлоолордо чөп чыкпай тоюттун кымбатташына шарт түзүлүп жатат дешет мал чарбасы менен алектенген жергиликтүү тургундар.
“Кыргызгипрозем” изилдөө институтунун 2016-жылга чейинки жүргүзгөн мониторинги боюнча Ош облусунда жайыт аянттарынын 13% деградацияга (жердин бузулуусу, чөп аз чыга баштаган учур) дуушар болгон.
Облус боюнча жалпы 1 миллион 391 миң, 470 гектар жайыт жери бар.