Оштогу жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизилет

24.01.2022, 17:20 Акчабар
Оштогу жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизилет

Акыркы күндөрү Кыргызстандын түштүк региондорунда жаратылыш газын берүүнүн көлөмү азайганы байкалган. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти.

Ага абанын температурасы кескин төмөндөшү жана керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу.

Өзбекстандан чыккан газды жетирүүчү “Газпром экспорт” ЖЧКсы жана өзбек кесиптештер менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иш алып барууда. Кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Мындай көйгөй күз-кыш мезгилинде керектөө өскөн сайын жаралып турат. Ошондой эле, Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасы азайгандыгына байланыштуу бул көйгөй жыл сайын кайталанып келет. Башкайча айтканда, ресурстук базасынын азайышынан улам республиканын түштүгүнө жеткирүүлөрдүн көлөмү техникалык себептерден улам төмөндөйт.

"Катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып, жылытуу мезгилинде ар кандай чектөөлөр киргизилет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдиргенин белгилей кетүү керек”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган ишкананын маалыматында, өлкөнү жаратылыш газ менен камсыздоо маселесин чечүүнүн бир жолу ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү болуп саналары айтылган. Тактап айтканда, Кыргызстандын өзүндө газ чыгарууну өнүктүрүү менен гана республиканын түштүк аймактарынын энергетикалык ресурс боюнча көз карандысыздыкка жеткирери белгиленген. Аны менен бирге эле газ түтүктөрүндө авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында, Ош шаарындагы жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизилери айтылган.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, Ош шаарындагы абоненттерди үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүп жатканын белгилейт.

Тэги: Өзбекстан Ош шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть