Осмонкулов: Кыргызстанды кыйын кырдаалдан жергиликтүү өндүрүүчүлөр сактап калды

08.05.2020, 15:00 Акчабар
Осмонкулов: Кыргызстанды кыйын кырдаалдан жергиликтүү өндүрүүчүлөр сактап калды

Акыркы бир жарым айдын ичинде Кыргызстан дүйнөдөгү башка мамлекеттердей эле карантин абалында жашап жатат. Чек аралар жабык, иштеп жаткан бардык ишканалар өз ишин токтотту. Бул кырдаалда ата мекендик өндүрүүчүлөр эмне менен алектенүүдө, элге кандай жардам көрсөтө алышты? Мындан аркы каатчылыктан чыгууда алар кандай кадамдарга барышат? Бул жана башка суроолорго ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Батырбек Осмонкулов жооп берди.

- Саламатсызбы, Батырбек мырза! Дүйнөдөгү соңку кырдаалдан улам учурда Кыргызстан да кыйын күндөрдү баштан кечирүүдө. Ага карабай муктаждарга жардам колун сунган жарандарыбыздын саны күн санап арбып жаткансыйт. Сиздердин ассоциация да четте карап турбаса керек...

- Тилекке каршы бул илдет баарыбызга терс таасир тийгизди. Ɵлкөнүн экономикасы жана элибиз абдан оор абалда калды. Мындай кырдаалда биз дагы колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Аттарын атабай эле коёюн, ата мекендик өндүрүүчүлөр менен биригип Кыргызстандын жалпы калкына эки миллион сомго жакын тамак-аш жана дезинфекция буюмдары алынып берилди. Берген жардамыбызды сүрөткө тартып социалдык тармактарга чыгарууну туура көргөн жокпуз. Андан кийин биздин ассоциация тарабынан Бишкек жана Чүй облусунун дүкөндөрүндө тамак-аштын жеткиликтүүлүгү көзөмөлгө алынды. Кайсы бир учурларда айрым дүкөндөрдө, базарларда тиги же бул өнүм жок болуп жатса, өндүрүүчүлөргө убагында маалымат берилип турду.

- Айтсаңыз, абалдан пайдаланып кайсы тармактарды трансформация кылса болот?

- Абдан терең ой жүгүртүүнүн жана терең анализ кылуунун убактысы келди. Ɵлкөдө орноп калган система өзүнүн эскилигин жана жарабай баратканын көрсөттү. Бирок бүгүн мындай оор абалда сын пикир эмес, сунуштарды, идеяларды айтуу керек. Экономиканын бир нече тармагына реформа жасоо муктаждыгы абадай элек керек болуп турат. Менин жеке пикиримде, COVUD-19 пандемиясы бул акыркысы эмес, мындай пандемиялар мындан ары да кайталанып турат. Бул каатчылык бизге ата мекендик машина куруу, химия, металлургия, тоо-кен, авиация, кездеме өндүрүү тармактары жана тамак-аш коопсуздугунун болушу керектигин көрсөттү. Чынын айтканда азыркы кризисте бизди такыр эле аңга түшүп кетүүдөн өзүбүздүн өндүрүүчүлөр сактап калды. Элге маска, дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине жеке коргоо кийимдерин жана сактануучу антисептиктерди өзүбүздүн эле өндүрүүчүлөр өндүрүштөрүн тездик менен кайра кура коюшуп, баарыбызды камсыз кылып турушту. Чек аралар жабык болуп, азыркыдай өндүрүү тармагыбыз жок болгондо, аябай чоң кыйынчылыктарды көрмөкпүз. Ошондон улам учурдан пайдаланып, бардык кыргыз өндүрүүчүлөрүнө алкыш айта кетейин. Алар өздөрүн аябай, күн-түн дебестен өз иштерин эң мыкты денгээлде аткарышты.

- Өндүрүүчүлөрдүн пикири боюнча, карантин аяктаган соң кайсы тармак каатчылыктан ыкчам чыгат?

- Биздин оюбузча сырткы туризмден башка калган тармактар бат эле өз калыбына келет. Бирок бат эле дегенде бир-эки жылдын ичинде деп түшүнүшүбүз керек. Анын ичинде тамак-аш өндүрүшү биринчилерден болуп өз калыбына келет. Анын ичинде эт өндүрүүнү жакшылап ойлонушубуз керек. Анткени, коңшу Кытай жапайы малдын этин жегенге элине тыюу салды. Бул биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Андан кийин жогоруда айтып кеткендей, өзүбүздүн машина куруу, химия, металлургия, тоо-кен, авиация, кездеме өндүрүү тармактарын тез арада өнүктүрүүбүз зарыл. Булар кыргыз өкмөтүнүн приоритеттүү маселелери болушу керек. Андан кийин баарыбыз биригип деги эле мындан аркы жолубуз кандай болорун такташыбыз керек. Ошондо бүгүнкүдөй кризистен балким утуш менен чыгабыз. Бул жерде баарыбыз оптимист бололу.

- Башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен иштешүү мындан ары кандай болот деген пикирдесиз?

- Эн биринчиден ошол өнөктөштөр менен чогуу бир столго отуруп тышкы карыз боюнча реструктуризацияга баруу же жоюу жолдорун издешибиз өтө зарыл. Дүйнөнүн азыркы абалында мунун ишке ашуусу толук мүмкүн. Дүйнө өлкөлөрү менен карым-катнашты күчөтүү багытында логистикалык авиа, авто жана темир жол хабтарын ошонун ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу тууралуу бардык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү ылдамдатышыбыз зарыл. Андан кийин жогоруда айтылган тармактарды өнүктүрүш үчүн бизге жаңы технологиялар керек. Ушул проблемаларды чечүүдө өнөктөштөр менен бир жакшы жыйынтыктарга жетишүүгө болот.

- Негизи ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясы качан түптөлгөн жана ассоциация түзүлгөндөн бери кандай иштер аткарылды?

- Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясы 2016-жылы түзүлгөн. Ошол жылдары Кыргызстандын ЕАЭБге мүчɵ болуу даярданып жаткан. ЕАЭБге кирген соң атаандаштык күчɵөрү жана биздин компаниялардын ага даяр эместиги кɵрүнүп турду. Ошондо ассоциация кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн продукцияларды сатып алууга үндөп, көп иш-чараларды өткөзгөн. Биздин башкы максатыбыз - эл менен тыгыз иштеп, аларга жергиликтүү өндүрүүчүлөр тууралуу көбүрөөк маалымат таратуу, бул багытта тиешелүү сунуштарды өкмөткө жеткирүү эле. Андан бери төрт жыл ɵттү. Буга чейин көпчүлүк таң калуу менен «эмне, кыргызстандыктар өндүргөн продукция барбы?» деп суроо беришсе, азыркы тапта элибиз ар бир өндүрүүчүнү жакшы тааныйт, өнүмдөрүн колдонуп жатат. Жарандарыбыз дүкөндөргө, базарларга барганда биринчиден өзүбүздөн чыккан өнүмдөрдү сатып алышат. Социалдык тармактарда бул жөнүндө дагы көп айтылып, жазылып келе жатат. Бир жолу бир интернет баракчада Москва шаарынан кыргыз ишкер эже: «Мурун биз кытайдын товарын издеп таап, Москвада сатып оокат кылчубыз, эми болсо кытайлар биздин товарды издеп оокат кылып жүрүшөт» деп жазып калды. Демек бул жакшы көрсөткүч. Ɵлкө ичинде жана башка мамлекеттерде дагы биздин товарлар таанылып өз ордун ээлеп, кыргыз өндүрүүчүлөрүнө болгон көз караш асман менен жердей айырмаланып калды. Мындай көрсөткүчкө жетишүүгө биз алып барган өлкө денгээлиндеги маалымат компаниялар, ар кайсыл өндүрүш менен таанышуу максатында уюштурулган жүздөгөн экскурсиялар, социалдык тармактарда түзүлгөн «Покупай кыргызское» аттуу тобу, биздин ассоциация тарабынан негизделген жана эң мыкты өндүрүүчүлөргө тапшырылган «Аракет» сыйлыгы сыяктуу көптөгөн иш-чаралар дагы өз салымын кошту деп айтсак эч жанылбайбыз. Азыркы учурда ассоциация жеке компаниялар менен тыгыз иштешүү, ɵлкɵ деңгээлинде бирдиктүү электрондук каталог жана биздин ɵнүмдɵрдү экспортко чыгаруу максаттарын коюп жатат. Кийинки кадамдарыбыз ушул багытта болмокчу.

Тэги: экономика трансформация КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть