Өзбекстан Кыргызстанга эгин жана пахтанын үрөнүн берет

16.03.2021, 11:00 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанга эгин жана пахтанын үрөнүн берет

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет. Бул боюнча өткөн жумада президенттин Өзбекстанга болгон расмий сапарында айыл чарба министрлиги тарабынан тайын келишим түзүлгөн.

Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылган. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10 миң мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.

Андан сырткары, этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Мындан тышкары Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди.

Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланды.

Тэги: Өзбекстан Кыргызстан күздүк буудай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть