Жыл башынан бери Өзбекстан чет өлкөлөргө 30 млн долларга 15.7 миң тонна алча жөнөткөн. Бул тууралуу Podrobno.uz порталы билдирди.
Белгиленгендей, алчанын басымдуу бөлүгү Казакстанга экспорттолгон. Аталган өлкөнүн компаниялары 7 миң 700 тоннага жакын алча сатып алышкан. Ал эми Орусия 4 миң 551 тонна, Кыргызстан - 3 миң 320 тонна алча сатып алышкан.
Андан сырткары, 200 тоннага жакыны Белорусияга, БАЭге, Польшага, Кытайга, Түштүк Кореяга, Түркмөнстан жана Таиландка экспорттолгон.
Өзбекстан жылына 35-50 миң тонна алча экспорттойт. Муну менен катар өзбекстандык экспорттоочулар америкалык алчаларды Кытайдын базарына киргизип жатышат.