Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирет

12.05.2020, 10:15 Акчабар
Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирет

Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы 11-майдагы төртүнчү жыйынында өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) «байкоочу өлкө» катары катышуусу тууралуу өкмөттүн сунушун жактырды. Бул тууралуу сенаттын басма сөз кызматы билдирди.

28-апрелде бул сунушту Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары колдогон. Эми президент Шавкат Мирзиёев өзүнүн жарлыгы менен Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө катары кирер-кирбеши боюнча чечим чыгарышы керек.

Өлкө башчы 24-апрелде парламентте жасаган билдирүүсүндө өкмөт Евразия Экономикалык Биримдиги менен кызматташууну карап жатканын, Өзбекстан чыгарган өндүрүмдүн 80% Бажы Биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолорун айткан.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Молдова байкоочу өлкө статусуна ээ.

Тэги: Өзбекстан парламенти жогорку палата ЕАЭБ байкоочу өлкө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть