Өзбекстан өкмөтү Ош шаарына гуманитардык жардам жөнөттү

01.06.2020, 12:00 Акчабар
Өзбекстан өкмөтү Ош шаарына гуманитардык жардам жөнөттү

2020-жылдын 30-май күнү Ош шаарында Өзбекстан өкмөтү Кыргыз өкмөтүнө гуманитардык жүк тапшырды.

Иш чарага Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жаңы дайындалган Өзбекстандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидов, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн башчысы Балтагул Нурумбетов, КР Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Гуманитардык жардамдын курамында 1000 тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2500 даана респиратор, 5000 даанадан медициналык колкап жана беткаптар, 2500 даана коргоочу костюм бар. Жүк Өзбекстандан Ош шаарына темир жол транспорту менен жеткирилди.

Кыргыз тарап бир тууган элдин коронавирус менен күрөшүүдө өз убагында көрсөткөн жардамын жана колдоосун жогору баалайт жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирет.

Тэги: Ош шаары Өзбекстан өкмөтү гуманитардык жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть