Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

12.03.2021, 17:20 Акчабар
Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына барышкан.

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

«Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты. Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен болду.

Тэги: Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть