Паспорт даярдоо кызматы үчүн кантип смартфондон төлөм жүргүзүүгө болот? Жол жобосу

29.07.2022, 12:36 Акчабар
Паспорт даярдоо кызматы үчүн кантип смартфондон төлөм жүргүзүүгө болот? Жол жобосу

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өлкөнүн Санарип өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын бардык Калкты тейлөө борборлорунда MegaPay тиркемеси аркылуу паспорт даярдоо кызматы үчүн онлайн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашыргандыгын эске салат.

Эми кассага узун кезекке туруунун зарылчылыгы жок! Документтерди тапшыргандан кийин жана КТБнун кызматкери тарабынан паспортту даярдоо үчүн берилген тил катка ээ болгон соң, төмөнкүдөй кадамдарды аткаруу керек:

  • MegaPay тиркемесин ачуу (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Төлөм» бөлүмүнөн «Мамлекеттик төлөмдөр» сервисин тандап, андан кийин «КРнын паспорту үчүн төлөм» баскычын басуу;
  • дүмүрчөктө көрсөтүлгөн төлөмдүн кодун терип, тийиштүү сумманы жазып, төлөмдү тастыктоо.

Даяр!

ID-карта (2017-ж. үлгүдөгү КРнын жаранынын паспорту) үчүн MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүү кызматынан өлкөнүн жарандары төмөнкү учурларда колдоно алышат: паспортту биринчи жолу алып жаткандар; жарамдуу мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу документти алмаштырып жаткан жарандар; жоголуп кеткен же жараксыз абалдагы паспорттун ордуна алуучулар; аты-жөнүн өзгөртүп жаткандар.

MegaPay'ден төлөм жүргүзүү кызматы мындан тышкары, 2020-ж. үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алуу үчүн төлөм жүргүзүүчү жарандар үчүн да жеткиликтүү. Алар: паспортту биринчи жолу алып жаткандар; жарамдуу мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу документти алмаштырып жаткан жарандар; жоголуп кеткен же жараксыз абалдагы паспорттун ордуна алуучулар; аты-жөнүн жана улутун өзгөртүп жаткандар.

MegaPay– сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Тэги: Мегаком MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть