МСК: Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышкан компаниялардын саны өсүп жатат

14.01.2020, 09:37 Акчабар
МСК: Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышкан компаниялардын саны өсүп жатат

Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна дагы 460дан ашык компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 503тү түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы(МСК) кабарлайт.

Маалыматка ылайык, компаниялар пилоттук долбоорго активдүү катышып, «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана эскертүүлөрүн берип жатышат.

Мындан тышкары, мурда кабыл алынган чечимге ылайык, МСКнын кызматкерлери жана бизнес өкүлдөрүнүн демилгечи тобу ар жумалык негизде «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасын тестирлөөдөн өткөрүп турушат. IT-адистер сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жуманын ичинде ар бир жолугушууга электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын иштеп чыгууга тийиш.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоору иштеп жатат. 2020-жылдын 1-апрелинен тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Мамлекеттик салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүү боюнча алдын ала даярданууга чакырат.

Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: эсеп фактура пилоттук долбоор компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть