Премьер-министр президент менен журналисттик иликтөөнү көрүп, талдап чыгышканын айтты

28.11.2019, 13:38 Акчабар
Премьер-министр президент менен журналисттик иликтөөнү көрүп, талдап чыгышканын айтты

Бүгүн ЖК 2020-жылдагы республикалык бюджет талкууланды. Парламентке Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келди.

Ал журналисттик иликтөөдөгү контрабандалык схемалар тууралуу маселе көтөрдү.

Премьер министр президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын, алар бирге жыйын өткөрүп тийиштүү мамлекеттик органдарга, контрабанда боюнча тапшырма берилгенин билдирди.

Өкмөт жарандардын көмүскө экономика боюнча көтөрүп чыккан демилгесин колдоп жатканын айтты.

«Силер дагы депутатттык комиссия түстүңөр. Министрлер кабинети ага катышууга, жардам берүүгө даяр. Андан сырткары, тергөө тобу түзүлгөн, ал дагы иштейт. Биз ачык иштейбиз. Биз дагы коррупция менен күрөшүүгө кызыктарбыз», — деп айтты Өкмөт башчы.

Премьер-министр ким эмнеге жооп берерин, бардык текшерүүлөр ачык айкын болоорун билдирди.

Тэги: премьер-министр президент журналисттик иликтөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть