Премьер-министр үй карантининде болгондуктан дистанттык түрдө иштеп жатат

06.04.2020, 15:45 Акчабар
Премьер-министр үй карантининде болгондуктан дистанттык түрдө иштеп жатат

Кыргызстандын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес Ош жанан Жалал-Абад облустарына болгон эки күндүк иш сапарынан кийин дарыгерлердин кеңеши боюнча дистанттык түрдө иштеп жатат.

«Учурда республикада болуп жаткан кырдаалды эске алып, Абылгазиев мурдагыдай эле документтер жана аткаруу бийлигинин бардык орган кызматкерлери менен иштеп жатат, болгону дистанттык түрдө», — деп жазат «Кабар» маалымат агенттиги өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин билдируусүнө таянуу менен.

Мындай үч күндүк үй карантини тобокелчиликтерди азайтуу максатында көрүлгөн чара болуп саналат.

Премьер-министр өзгөчө абал киргизилген Бишкек жана Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун жана Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары менен телефон аркылуу тынымсыз негизде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Андан тышкары, ал вице-премьер-министрлерге жана өкмөттүн мүчөлөрүнө бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип жатат.

Тэги: премьер-министр үй карантинин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть