Артем Новиков Баткендеги бир катар ишканаларды кыдырып чыкты

08.12.2020, 10:00 Акчабар
Артем Новиков Баткендеги бир катар ишканаларды кыдырып чыкты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүштүк объектилердин иши менен таанышып чыкты.

Маалыматка ылайык, Артем Новиков «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧК тарабынан курулган шифер өндүрүү заводуна барды.

«Өкмөт ишкананы кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарды ишке ашырууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,- деп белгиледи Артём Новиков.

Белгиленгендей, учурда заводдун продукциясы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылууда, мында ишкана модернизацияланган соң, продукцияны Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларына экспорттоо мүмкүндүгү бар.

Андан соң Артём Новиков «Түштүк-кыргыз цемент» заводуна барды, анда ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси жана аны өнүктүрүү келечеги менен таанышып чыкты.

Белгиленгендей, учурда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу заводдун бир бөлүгү гана иш алып барууда.

Жыйынтыгында Премьер-министрдин м.а. 450 ашуун адамды жумуш менен касыздап турган Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводуна барды. Завод көп убакыттан бери токтоп турат, ишкана жетекчилиги тарабынан анын ишин жандандыруу жана модернизациялоо боюнча аракеттер кабыл алынган эмес.

Премьер-министрдин м.а. ишкананы кыдырып чыгып, Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тамеки өстүрүү, аны ферментациялоо жана тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканаларга экспорттоочу толук кандуу тамеки кластерин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Ишкананын модернизациясы жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүүнү, социалдык, анын ичинде республикалык бюджетке каражаттарды чегерүүнү камсыз кылат. Биз мындай демилгени ар дайым колдойбуз», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Тэги: Артем Новиков өндүрүштүк объектилер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть