Президент Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы менен жолугушту

27.03.2020, 15:15 Акчабар
Президент Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк ортосундагы кызматташтыктын учурдагы макамы жана жакынкы жылдар аралыгында иш алып баруусу, өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам жаралган кырдаал тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк Банктын долбоорлору өлкө экономикасы менен жарандардын байгерчилигин жогорулатуу үчүн стратегиялык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон бардык чечүүчү тармактарды камтыганын белгиледи.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков аймактагы башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандын экономикасы да коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам терс кесепетине кабылганын билдирди.

Бул кырдаал өлкөнү өнүктүрүү пландарынын убагында ишке ашуусун кыйындатып, бюджеттин чыгаша беренелерин кайрадан карап чыгууга мажбурлап жаткандыгын кошумчалады.

Ушундан улам Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка дүйнөдөгү жана өлкөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо маселесине түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар бул багытта өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары менен активдүү иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгү саламаттык сактоо түзүмүн колдоого бөлүштүрүү маселеси чечилгенин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы пандемиянын алдын алууга багытталган «Коронавируска чукул жооп кайтаруу» долбооруна каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банк тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160,0 млрд АКШ долларын түзгөн көмөк көрсөтүү фонду түзүлгөнүн билдирди.

Мындан сырткары Дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү — Эл аралык финансылык корпорациясы да экономиканын төмөндөшүнөн улам «соккуга» учураган жеке компанияларды колдоо ниетинде.

Тэги: президент дүйнөлүк банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть