Президент: ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү — кызматташтыктын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири

19.05.2020, 17:00 Акчабар
Президент: ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү — кызматташтыктын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири

«ЕАЭБдин бирдиктүү газ рыногун түзүү — биздин кызматташтыктын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында газды ташууга тариф коюу маселеси тууралуу айтып жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул Биримдик өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп эсептелет.

«ЕАЭБдин газ рыногу өзүнүн жеке өндүрүшүнөн гана эмес, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн газ жеткирүүнү да ичине камтыйт. Эл аралык келишимдердин долбоорун иштеп чыгууда газды жеткирүүгө тарифтерди түзүүдө кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди камсыз кылууну карап чыгуу зарыл деп эсептейм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргыз тарап бардык тараптар менен макулдашылган эл аралык долбоорлорду реалдуу мөөнөттө кабыл алууну колдой турганын кошумчалады.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видео-конференция режиминде болуп өттү.

ЖЕЭКтин мүчөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри саналат.

ЖЕЭКтин жыйынына байкоочу өлкөнүн башчысы катары ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Тэги: президент газ рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть