Президент: элди дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат

10.07.2020, 17:30 Акчабар
Президент: элди дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Аймактардын жетекчилери жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришкен. Президент аймактар түзүлгөн кырдаалдан сабак алышып, бардык тобокелдиктерди өз убагында алдын алуулары керектигин белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, мамлекет башчысы дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырган.

«Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат», — деп билдирген президент.

Мамлекет башчысы алдын алуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын жана ыктыярчылар менен натйыжалуу иш алпарууну жолго коюу зарылдыгын баса белгилеп өткөн.

«Бизде мындай кыйынчылыктарда дайыма жардамга кол суна турган татыктуу балдарыбыз жана кыздарыбыз бар. Мындай ыктыярчылар менен натыйжалуу иштешүү керек. Алар — чоң күч. Дарыгерлерге камкордукту күчөткүлө, аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылгыла», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: президент эл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть