Президент «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

05.03.2021, 09:50 Акчабар
Президент «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Чарбакер субъекттердин чарбачылык ишин жана бизнес-түзүмдөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын укукка жат аракеттери тууралуу түшүп жаткан даттанууларга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жөнүндө өтүнүчтөргө байланыштуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында, КР Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Ишкердик субъекттерин текшерүүгө укугу бар бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» жана 2020-жылдын 11-декабрындагы № 602 «Ишкердик субъекттерди укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө тыюу салуу жөнүндө» токтомдорунда каралган чектөөлөрдү кынтыксыз сактасын.
  2. Укук коргоо органдарына жарандык-административдик тартипте чечиле турган жана жарандык, экономикалык иштер боюнча соттордо каралуучу экономикалык кылмыштар боюнча жазык иштерин козгоону жана тергөөнү токтото туруу сунушталсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргызстандын жана чарбакер субъекттеринин банктык эсептерин текшерүүнү токтото туруу;

— өздүк териштирүү/өздүк коопсуздук кызматтарынын ишин өздөрүнүн төмөнкү кызматкерлеринин иштеринин бетин ачуу, токтотуу жана тиешелүү жоопкерчиликке тартуу (бошотуу жана жазык жоопкерчилигине тартуу) бөлүгүндө активдештирүү:

ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун чарбалык ишине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн жана алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылууга багытталган башка аракеттерди жасаган;

мыйзамсыз ишкердик ишти, товарлардын контрабандасын жана башка экономикалык кылмыштарды кылган адамдарга жана субъекттерге көмөк көрсөткөн;

коррупциялык/кызматтык кылмыштарга аралашкан;

— өздүк курамдын арасында жогоруда аталган укук бузууларды жасоого жол бербөөгө багытталган профилактикалык мүнөздөгү алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү.

  1. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 «Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгында каралган учурларда жана тартипте жол берилиши мүмкүн деп белгиленсин.
  2. Башкы прокуратура Президенттин жогоруда аталган Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти активдештирсин жана анын аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Коопсуздук кеңештин катчылыгына берип турсун.
  3. КР Өкмөтүнө КР Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенип, төмөнкүлөрдү болтурбоо жолу менен ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен коргоону караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (түзөтүүлөрдү) жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга киргизүү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын:

— ишкердик субъекттердин уюштуруучуларын (катышуучуларын), жетекчилерин жана кызматкерлерин КР Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча (коррупция) жазык жоопкерчилигине тартууну;

— чарбакер субъекттердин ортосунда пайда болуучу экономикалык талаштар боюнча жазыктык сотко чейинки өндүрүштү жана жазык жоопкерчилигине тартууну;

— экономикалык кылмыштарды жасагандыгы жөнүндө кайрылуулар жана арыздар боюнча ишкердик субъекттердин кызмат адамдарын мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын тиешелүү актылар жана эксперттик корутундулар менен ырастоосуз жазык жоопкерчилигине тартууну жана жазыктык сотко чейинки өндүрүштү (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 230-232-беренелери);

— ишкердик субъекттерин (уюштуруучуларды (катышуучуларды), жетекчилерди жана башка кызмат адамдарын) кылмыштардын экономикалык түрлөрүн жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууну.

Эске салсак, Россия Федерациясы менен Казакстанга болгон иш сапарларынын алкагында Президент Садыр Жапаров чет элдик ири бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда Кыргызстанда жакынкы мезгилде инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүү жана ишкерлик кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынарын белгилеген.email sharing button

Тэги: президент Садыр Жапаров ишкердик субъект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть