Президент коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрөт

24.01.2020, 10:30 Акчабар
Президент коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрөт

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат.

Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө», 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

Тэги: президент Коопсуздук кеңеш кезектеги жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть