Президент Москвага учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

27.02.2020, 10:10 Акчабар
Президент Москвага учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россиянын борбор шаарына учуп кетти.

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-сапарынын алкагында президент Россиянын президенти В.Путин менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылын ачуу аземине катышат.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Россияга болгон иш-сапарынын алкагында Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Ошондой эле, РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук Кеңешинин жутекчисинин орун басары Дмиртий Медведев менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Эске сала кетсек, жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.

Өлкө башчысын:

- КРнын тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков;
- КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- КР РФгы элчиси Аликбек Джекшенкулов;
- КР ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров;
- КРнын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев;
- КРнын ЖКнын депутаты Канат Исаев;
- КРнын ЖКнын депутаты Марат Аманкулов;
- КРнын ЖКнын депутаты Тынчтык Шайназаров;
- КРнын ЖКнын депутаты Евгения Строкова;
- КРнын ЖКнын депутаты Талант Мамытов;
- КРнын ЖКнын депутаты Бактыбек Турусбеков;
- КРнын ЖКнын депутаты Самат Гульнара-Клара;
- президенттин кеңешчиси Олег Панкратов.

Тэги: президент Москва учуп кетти тизме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть