Президент төрага, премьер, фракция жетекчилери менен учурдагы абалды талкуулады

19.03.2020, 09:30 Акчабар
Президент төрага, премьер, фракция жетекчилери менен учурдагы абалды талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абал талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгиледи.

Оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында болгон аракеттердин баары жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жана эки республикалык штаб жигердүү иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

«Абал толугу менен көзөмөлдө турат. Коопсуздук кеңештин жыйындарында өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бүгүнкү күндө алар аткарылып жатат. Медицина кызматкерлеринин чоң армиясы өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Биз мындай иш-аракеттерди көргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары дагы чыдамдуулукту каалайбыз. Ошентсе да кемчиликтер бар, аларды жоюу боюнча иш алып барылышы керек», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

«Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы, саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөөрү айтылды.

Төрага Дастан Жумабеков, фракция лидерлери коронавирустун өлкөгө киришине жол бербөө үчүн күрөштө жана аны аныктоодо медиктердин талбаган эмгегин белгилешип, мындан ары да бийликтин бардык бутактарынын эриш-аркак биргелешип иштөөсүнө сунуштарын беришти. Ошондой эле фракциялардын бири врачтарга жардам катары бир айлык эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алгандыгы айтылды.

Депутаттар мамлекет башчысынын коронавируска байланыштуу кайрылуусун колдоого алышып, анын өз маалында болгондугун белгилешти.

Жолугушууда өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо боюнча чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектиги өзгөчө белгиленди.

Тэги: президент премьер-министр учурдагы абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть