Президент тышкы карызды терең реструктуризациялоонун себебин түшүндүрдү

28.09.2020, 09:45 Акчабар
Президент тышкы карызды терең реструктуризациялоонун себебин түшүндүрдү

Президент тышкы карызды реструктуризациялоону туруктуу өнүктүрүү долбоорлорго алмаштырабыз деген билдирүүсүнүн себептери жөнүндө «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде түшүндүрүп берди.

Президент эске салгандай, быйыл жазында пандемияга байланыштуу Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр киргизилип, ал экономикага жана бизнеске терс таасирин тийгизген. Ошондой эле коңшу мамлекеттер да чек араларын жаап, эл аралык соода да чоң үзгүлтүккө учураган. Ушундай эле түйшүктөр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болгон.

«Албетте, бул улуттук бюджетибизге да терс таасирин тийгизди. Республикалык бюджетке түшчү кирешенин ири бөлүгү быйыл түшпөй калды. Бул, албетте, биздин тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүгүбүздү да чектеп жатат. Мындай көрүнүш дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алды. Андыктан, май айында өткөн „Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чарада“ тышкы карызды реструктуризациялоо жана улуттук долбоорлорго алмаштыруу боюнча 3 кадамдан турган формуланы сунуштагам. 21- 23-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Жалпы дебаттарында да эл аралык донорлорго жана финансылык институттарга ушул демилге менен кайрылдым», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал учурда тийиштүү органдар бул багытта Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму, 20 ири өлкөнүн тобуна кирген мамлекеттер менен катар Париж клубу, ошондой эле Кытай, Япония сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын кошумчалады.

«Бул иштин ийгилиги бизден гана көз каранды эмес. Негизинен, чечимди карызды берген мамлекеттер жана институттар кабыл алышат. Биз, албетте, болгон аракетибизди азыр жасап жатабыз», — деп өзгөчө белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: президент Тышкы карыз реструктуризация долбоор Биринчи радио

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть