Президент: тышкы саясаттын маанилүү бөлүгү - «жашыл» экономиканы өнүктүрүү

01.10.2020, 11:15 Акчабар
Президент: тышкы саясаттын маанилүү бөлүгү - «жашыл» экономиканы өнүктүрүү

Экологиялык дипломатияны жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракесине арналган сессиянын алкагында Биоартүрдүүлүк боюнча Нью-Йоркто өткөн саммитте билдирди.

«Биз — экологиялык таза продукциянын жана таза энергиянын өлкөсүбүз. Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан климаттын өзгөрүшү тууралуу Париж макулдашуусун ратификациялады. Биздин өлкө энергиянын салттуу булактарын керектөөнү акырындык менен кыскартууну көздөйт», — деп айтты президент.

Кыргызстан экология чөйрөсүндөгү эл аралык демилгелерди активдүү колдоо менен бирге өз демилгелерин да сунуштап келет.

Баарынан мурда, алар:

  • Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык саммиттерди уюштуруу;
  • Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу боюнча резолюцияны жаңылоо;
  • Эл аралык тоолор жылын өткөрүү жана Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү.

Андан сырткары, төмөнкүдөй тармактарда эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурулат:

  • биоартүрдүүлүктү жана дени сак экосистемаларды сактоо;
  • биоартүрдүүлүк чөйрөсүндө чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү;
  • туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн «жашыл экономиканын» принциптерин пайдалануу;
  • ошондой эле биоартүрдүүлүктү туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтык жаатында демилгелерди сунуштоо.

Тэги: Кыргызстан экология тышкы саясат Ассамблея

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть