Президент: жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек

17.04.2020, 15:30 Акчабар
Президент: жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда президент вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирип, системадагы кемчиликтерди тез арада жоюу керектигин айтты. Дарыгерлерди медициналык коргонуучу жабдыктар менен толук камсыз кылуу зарыл деп билдирип, эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында төлөнүусү керектигин айтты.

Гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда.

Тэги: президент биринчи вице-премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть