Бүгүн, 1 – октябрда Ереван шаарында Жогорку Евразия экономикалык союздун кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай жээнбеков дагы катышууда.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:
Тар чөйрөдө:
1. Евразия экономикалык форуму тууралуу;
2. ЕАЭСтин мүчөсүндөгү мамлекеттер ортосундагы импорттук бажы тармагына байланышкан маселелер боюнча;
3. Евразия экономикалык комиссиянын персоналдык түзүмү жана төрагасы тууралуу;
Кенен жыйында:
4. ЕАЭСке сотко кайрылган учурда, чарбалык субъектилер тарабынан төлөнүүчү алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
5. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2014 – жылдын 10 – октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
6. 2018 – жылдын ЕАЭСтин бюджетин аткаруу тууралуу отчету жөнүндө;
7. 2020 – жылдагы ЕАЭСтин бюджети тууралуу;
8. 2020 – жылдагы ЕАЭСтин эл аралык негизги багыттары тууралуу;
9. ЕАЭСтин каржы рыногун бирдиктүү түзүү түшүнүгү тууралуу;
10. ЕАЭСтин 2014 – жылы 29 – майда түзгөн келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу;
11. ЕАЭСтин курамындагы мамлекеттердин карыздарын төлөө тууралуу;
12. ЕАЭС мамлекеттер ортосундагы газ жеткирүү ж.б. ташуу тууралуу мыйзамдарын жакындаштыруу жана айкалыштыруу тууралуу;
13. Евразия Экономикалык Комиссиянын мүчөлөрүнүн мөөнөтүнөн мурда ишин токтотуу. Евразия Экономикалык Комиссияга жаңы мүчөлөрдү шайлоо тууралуу;
14. Евразия Экономикалык Комиссиянын № 1 бөлүгүнө ылайык иштөө регламентин өзгөртүү;
15. ЕАЭС агро өндүрүш саясаты тууралуу абалга өзгөртүүлөрдү киргзүү;
16. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин өтө туруучу кийинки жыйынынын убактысын жана өткөрүлө турчу жерди тактоо.