Кыргызстанга Россиядан 760 тонна буудай келди

23.04.2020, 14:50 Акчабар
Кыргызстанга Россиядан 760 тонна буудай келди

Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргызстандын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алынып келинди. Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.

Өкмөт тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору.

Өкмөткө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.

Тэги: Ун буудай Россия Федерациясы КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть