Россияда КР менен РФтин кайчылаш жылына арналган басма сөз жыйыны болуп өттү

10.03.2020, 15:00 Акчабар
Россияда КР менен РФтин кайчылаш жылына арналган басма сөз жыйыны болуп өттү

2020-жылдын 6-мартында Россияда Кыргызстандын Россияда жана Россиянын Кыргызстанда өтө турган кайчылаш жылына арналган басма сөз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйынга КР Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Р.Бийбосуновдун, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов, Урал Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) Президенти А.Беседин, Урал туризм ассоциациясынын Аткаруучу директору М.Мальцев катышышты.

Жыйында кызматташуунун келечектүү багыттары катары өнөр жай, текстиль, айыл чарбасы, туризм жана башка чөйрөлөр белгиленди. Мында иштиктүү чөйрөнүн байланыштарына, эки тараптын бизнес коомчулугунун өз ара иштешүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Р.Бийбосунов Кыргыз Республикасынын Свердлов облусу менен 90-жылдардын аягынан бери калыптанып келе жаткан соода-экономикалык кызматташуусун өзгөчө белгилеп өттү. Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 1999-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 миллион АКШ долларын түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч андан 20 эседен ашык чекке чейин жетти.

Тэги: Россия КР Кайчылаш жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть