Россияда сентябрь айында 424 млрд рублга ипотека берилген

28.10.2020, 14:15 Акчабар
Россияда сентябрь айында 424 млрд рублга ипотека берилген

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Россияда 424 млрд рублга ипотека берилген. Бул өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 82% көп. Бул тууралуу Бириккен насыя бюросунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Россиянын банкы ипотека берүү боюнча рекорд койду. 2020-жылдын август айында 372 млрд рублга ипотека берилген.

III кварталда ипотека 1.15 трлн рублга берилген. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 72% түздү.

«Ипотекалык насыялардын рекорддук көрсөткүчкө чейин берилип жаткандыгынын себеби, жеңилдетилген ипотека программасынын иштелип чыгышы жана негизги ставканын төмөндөшү менен байланыштуу. Төмөн тарифтер, өз кезегинде, бир чарчы метрдин баасынын жана ипотека насыясынын орточо суммасынын жогорулашына алып келди, бул насыялоонун көлөмүнө да таасирин тийгизди», — деп белгилешти бюродон.

Тэги: Россия ипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть