«РСК Банктын» жарым бөлүгү Эксимбанкка айланат

02.09.2020, 10:45 Акчабар
«РСК Банктын» жарым бөлүгү Эксимбанкка айланат

Август айынын башында өкмөт башчы Кубатбек Боронов мамлекетке таандык коммерциялык банктардын бирин бир экспорт-импорт банкка айладыруу боюнча билдирүүсүн тараткан. Кийинчерээк массалык маалымат каражатында сөз «РСК Банк» тууралуу болуп жаткандыгы айтылган.

РСК Банктын өкүлдөрү учурда бул боюнча атайын сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын тастыктады. Бирок, банк толугу менен алмашпайт. Экспорт боюнча кардарларды каржылоо жана колдоо менен байланышкан кошумча кызмат киргизилет.

«Муну менен катар «РСК Банк» бардык багыт боюнча кызматтарын кардарларга токтотпостон көрсөтө берет (насыя, депозит, төлөм карталары жана башка) . Кызмат көрсөтүүнүн багыттары спектрлери кеңейтилет: чекене, чакан жана орто бизнес, ири корпоративдик, анын ичинен экспортко багытталган кардарларды тейлөө», — деп билдиришти «Акчабарга» банктан.

Эске сала кетсек, ААК «РСК Банктын» 100% акциясы КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тийиштүү. Банкта өзгөрүүлөр болгону менен мамлекетке таандык үлүштү өзгөртпөйт жана банктын функциясы өзгөрүүсүз бойдон калат.

Тэги: Акчабар август РСК Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть