РСК БАНК: КЛАСТЕР деген эмне?

28.01.2022, 13:08 Акчабар
РСК БАНК: КЛАСТЕР деген эмне?

Көпчүлүгүбүз бир жолу болсо да “кластер” деген сөздү укканбыз, бирок аймактын жана бүтүндөйөлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн анын маңызын жана маанисин баары эле түшүнө бербейт. Ишканалар кластердик өндүрүштүн пайдасын түшүнүп жатышат, бул алардын бизнесинин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналат.

Демек, кластер деген эмнени билдирет?

Жөнөкөй тил менен айтканда, кластердик өндүрүш – биргелешкен өнүктүрүү максатында ишканалардын, товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси.

Ишкер-субъекттер бир эле же тектеш тармактарда иштешет жана өз ара келишимдик мамилелерге байланыштуу болгон бир чынжырды билдирет. Мисалы, тоют өндүрүүчү асыл тукум заводду өзүнүн продуктусу менен камсыздайт, ал өз кезегинде жеткирүүчү аркылуу сүттү кайра иштетүүчү заводго сатат. Андан ары кийинки уюм-ишкана даяр продукцияны жергиликтүү рынокко жеткирет же чет өлкөгө экспорттойт. Ошентип, ишканалар алардын продукциясы кайра иштетилип, рынокко чыгарыларын билишет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, кластердик иш бардык кызыктар тараптардын пайда таап иштешине кепилдик.

Мындан тышкары, мындай бирикменин мүчөлөрү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууда (тажрыйба, технологиялар, иш ыкмалары ж.б.у.с. алмашуу) бири-бирине жардам беришет.

Долбоорлорду ишке ашыруу максатында ишканалар тиешелүү кредиттик продуктылар түрүндөгү финансылык колдоо алуу үчүн банктарга кайрылышат. Мисалы, «РСК Банк» ААК ар кандай тармактарды кластердик өнүктүрүүгө, жүгүртүү каражаттарын да, негизги каражаттарды да толуктоо үчүн кредиттер менен камсыздап турат.

Учурда РСК Банкында сүт жана эт багыттарын кластердик өнүктүрүү, форель балыгын өстүрүү сыяктуу продуктылары өз жемишин берип жатат.

Тэги: РСК Банк Кластер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть