Рубль сомдон дагы төмөн баада сатылууда

29.09.2020, 17:30 Акчабар
Рубль сомдон дагы төмөн баада сатылууда

Официалдуу курска ылайык, рублдун сомго карата наркы 1.15% төмөндөп, кыргыз сомунан дагы төмөн баада сатылууда. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Эске сала кетсек, акыркы ирет рублдун курсу 2020-жылдын март айында түшүп кеткен. Ал учурда рубль коронавирус чуусунун кесепетинен улам 0.9095 сомдон сатылган.

Өз кезегинде Москва биржасында доллар 79.4 рубль, евро - 92.7 рубль менен сатылууда.

Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары рублду улуттук валютадан дагы төмөн баада - 0.99 сомдон сатып алышууда. Андан сырткары, доллар 79.7-79.8 сом менен, евро - 93.7-94 сом менен сатылууда.

Тэги: рубль сом курс евро доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть