Сабиров: Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды импорттоого көз каранды

05.03.2021, 12:15 Акчабар
Сабиров: Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды импорттоого көз каранды

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын баасы 10 жана 15 пайызга өстү. Анткени Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды импорттоого көз каранды. Пандемия маалында мунайдын баасы 30 долларга жогорулады.

«Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын арзандыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө экинчи орунда турат. Биринчи орунда Казакстан, анан Кыргызстан, Россия, Белорусь жана Армения турат. Үстүбүздөгү жылдын 4-мартына карата Аи-92 бензини Казакстанда 31,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 41,5 сомдон турат. Эң кымбат Арменияда (60,9 сом). Ал эми Аи-95 бензини Казакстанда 36,3 сомдон (1 литр), Кыргызстанда 43,9 сомдон бааланууда», - дейт ал.

Сабиров Кыргызстанда жазгы талаа иштерине күйүүчү-майлоочу май жетиштүү деңгээлде экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Тэги: ЕАЭБ өлкө күйүүчү-майлоочу май импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть