Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Каржы полициясына суракка чакырылды

06.07.2020, 15:05 Акчабар
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Каржы полициясына суракка чакырылды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына (Каржы полициясы) суракка чакырылды. Бул тууралуу Каржы полициясынан билдиришти.

«Каржы полициясынын тергөө бөлүмү тарабынан 2020-жылдын март айында Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, коррупция жана айрым бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын жактоо фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды», — деп айтылат маалыматта.

Тэги: саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев сурак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть