Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу уланууда

17.10.2019, 13:43 Акчабар
Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу уланууда

Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу уланууда . Бул тууралуу КР экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Мамлекеттик салык кызматы «Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча өзгөчө иш жүргүзүүдө. Атап айтканда, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча, анын ичине электрондук –эсеп-фактуралар, май куйуучу жайларда күйүүчү майды коё берүүнү эсептөөнүн автоматташтырылган системасы, виртуалдуу көзөмөл кассалык машиналар (ККМ), идентификациялык каражаттар менен товарларды маркирлөө, «Бирдиктүү билдирүү” автоматташтырылган системасы жана башкалар кирет.

«Электрондук эсеп-фактураны киргизүүнүн максаты убакытты үнөмдөө. Башкача айтканда, эсепчи өз кеңсесинде отуруп эле салык кызматына отчет тапшыра алат. Андан тышкары, эсеп-фактураларды электрондук түрдө чогултуу да абдан ыңгайлуу. Ошондой эле, азыктардын бир катарына анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге да электрондук маркирлөө киргизилет. Бул аракеттер ошол чөйрөнү көзөмөлгө алып, рыноктон сапатсыз азыктарды чыгарууга жол түзөт», - дейт ал.

Кадыров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта виртуалдуу көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ-онлайн) пилоттук түрдө киргизилген.

«Азыр онлайн режимде маалыматтарды жиберген ККМ аппараттардын минималдуу баасы 10 миң сомду түзөт. Ал эми виртуалдуу ККМдер киргизилгенден кийин каалаган смартфон ошол ишти аткара алат», - дейт министрдин орун басары.

Булак: Кабар

Тэги: салык фискал жол-жобо экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть