Салык кызматы 1-июлдан тартып ишке киргизилип жаткан жаңы долбоорлор тууралуу айтып берди

08.06.2020, 13:30 Акчабар
Салык кызматы 1-июлдан тартып ишке киргизилип жаткан жаңы долбоорлор тууралуу айтып берди

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып ишке киргизилип жаткан жаңы долбоорлор тууралуу айтып берди.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасынын компоненттерин киргизүүнүн жүрүшү, Кыргызстанда 1-июлдан тартып ишке киргизилүүчү жаңы системалардын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары жана башка маселелер Салык кызматынын жетекчилигинин, Экономика министрлигинин, Экономикалык кылмыштуулукка карышы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн жана май куюучу жайлардын ээлеринин катышуусу менен болгон тегерек столдун негизги темасы болду.

Атап айтканда, Салык кызматынын өкүлдөрү жана эксперттер жолугушуунун катышуучуларына авто май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган системасынын иштөө принциптери, өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу түшүндүрүп беришти.

Белгилеп өткөндөй, мунай жана мунай заттардын жүгүртүлүшүн контролдоо жаатындагы эки жаңы системанын иштей башташына бир айдан кем убакыт калды: 1-июлдан баштап республиканын бардык аймагында ККМ-онлайнды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды андан ары интеграциялоо менен АМСти башкаруунун автоматташтырылган системасы милдеттүү түрдө ишке киргизилет.

Ошондуктан, Кыргызстандын аймагындагы бардык май куюучу жайлар 1-июлга чейинки калган убакытта зарыл болгон жабдууларды жана программалык камсыздоолорду орнотууга жетишүүлөрү зарыл. Мында орнотуучу компанияны ишкер өзү тандап алат. Функциялык жактан дал келбеген учурда автомай куюучу жайлардын ээлерине мунайзаттарды чекене сатууга тыюу салынат.

Ишке ашырылып жаткан долбоордун негизги өзгөчөлүгү болуп, башкаруунун автоматташтырылган системасы төлөө фактысы жана кассалык чеги жок май куюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, реалдуу убакыт режиминде АМСтин иштөөсүнө байкоо жүргүзүүгө жана ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого шарт түзөт.

Азыркы учурда көптөгөн АМСтеги жабдуулар менен ККМ интеграцияланган эмес, бул салыктык эсепке алуусуз мунайзаттарды берүүгө өбөлгө түзөт. Мындай көрүнүштөгү укук бузууларга бөгөт коюу өлкөнүн бюджетине келип түшүүлөрдү көбөйтүп, бул өз кезегинде социалдык чөйрөнүн, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тармактарды колдоого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Алсак, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жаңы системалар киргизилгенден кийин 2020-жылдын акырына чейин мамлекеттик бюджетке мунай зат рыногунан дээрлик 400 млн сом өлчөмүндөгү кошумча салыктык түшүүлөр күтүлүүдө.

Мындан тышкары, башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү мунайзат рыногундагы иштин ачык-айкындуулугуна алып келип, сатуучулар тарабынан салык мыйзамдарынын бузулушун жокко чыгарат жана салыктык эсепке алуу системасын санариптештирүүгө жана жалпы талдоого өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ушул жылдын 1-июлунан тартып иштеп чыгууга тийиш болгон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын системасы да презентацияланды.

2020-жылдын 1-июлунан тартып, мунай жана мунай заттарды казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкерлер жүктөө учурунда Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө милдеттүү болушат. Салык кызматы мунай жана мунайзаттар, жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу, ошондой эле башка зарыл маалыматтарды ала алат. Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз мунай жана мунайзаттардын жүгүртүлүшүн контролдоону жакшыртууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого жана көмүскө экономиканын көрүнүштөрүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан же 1240 номери аркылуу жана www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык кызматы жаңы долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть