Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады

23.02.2021, 09:50 Акчабар
Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады

Салык органдары салык төлөөчүлөргө ар тараптан жана толук жардам көрсөтүү максатында Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин түнкү саат 24.00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү – саат 09.00дөн 24.00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык органдары төлөөчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть