Салык кызматы: Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту 1-июлга чейин берүүгө болот

22.04.2020, 14:30 Акчабар
Салык кызматы: Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту 1-июлга чейин берүүгө болот

Өкмөт 2020-жылдын 20-апрелиндеги токтомуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

МСКдан билдиришкендей, ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрун кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептелбейт.

Бул чаралар коронавирустун өлкөдө жайылышын болтурбоо боюнча чектөө чараларын киргизүүнүн натыйжасында экономикалык иштин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Тэги: салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть