Үч айда салык карызы жөнүндө 106 миң маалымкат онлайн түрүндө берилди

23.09.2019, 17:47 Акчабар
Үч айда салык карызы жөнүндө 106 миң маалымкат онлайн түрүндө берилди

Үч айда салык карызы жөнүндө 106 миң маалымкат онлайн түрүндө берилди, - деп билдирет КР Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

МСК салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты берүү боюнча сервис ишке киргенден тартып, Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына электрондук түрдө 106 миң 91 маалымкат берген.

Алардын ичинен 91 миң 379 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын жоктугу жөнүндө жана 14 миң 713 – салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу маалыматы бар онлайн маалымкаттар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-июнунан баштап Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) берүү боюнча сервис иштөөдө.

Жаңы сервис ишке киргизилгенден тартып мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларынын салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалымкаты кагаз түрүндө алуу үчүн салык органына баруу зарылдыгы жоголду, себеби конкурстун катышуучулары салык карызы жөнүндө маалыматты онлайн режимде Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу алышат. Эң башкысы, салык органынын кызматкери менен түздөн-түз байланышта болбойт, бул коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарттарды азайтат.

Конкурстун катышуучусу (жеткирүүчү) конкурстук табыштаманы толтурууда Мамлекеттик сатып алуулар сайтынан "Квалификациялык талаптар" менюсуна кирип, "Конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасында салыктарды төлөө боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарышы керек" деген пунктун тандап алышы керек. “МСКга суроо-талап кылуу” кнопкасын басканда ачылган терезеден система салык карызынын абалы тууралуу МСКнын маалыматтар базасынан автоматтык түрдө маалымат берет.

Белгилей кетсек, салык кызматы жакынкы арада камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары тууралуу маалыматты алуу боюнча ушундай эле кызматты электрондук түрдө ишке киргизет.

Булак: Кабар

Тэги: салык КР 106 миң Акчабар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть