Салык кызматы: Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар талаптар бекитилди

28.07.2020, 14:00 Акчабар
Салык кызматы: Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар талаптар бекитилди

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы токтому менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча бир катар талаптар бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Алсак, ККМди каттоо жана колдонуу, ККМге карата техникалык корутунду берүү жана ККМдин реестрин түзүү тартиптери, ККМге карата техникалык талаптар жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар, фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар, ККМди пайдалануунун типтүү эрежелери, ошондой эле, ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеги жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин ККМге өтүү жана колдонуу графиги бекитилген.

Токтомго ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген ККМ каттоого алынбайт. Салык органдарында катталган, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок эски үлгүдөгү ККМди пайдаланган субъекттер алар оң абалда болгон шартта гана 2020-жылдын 1-октябрына чейин колдонууга укуктуу.

Мындан тышкары, Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган жана ККМ-онлайнды пайдаланган субъекттер аларды өткөрүү мөөнөтү аяктаганга чейин жана субъекттердин ККМге өтүү жана колдонуу графигинде белгиленген шарттарда колдонууга укуктуу.

ККМ-онлайн системасы Кыргызстанда товарларды маркалоону жана электрондук эсеп-фактураларды колдонууну киргизүү менен катар салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында ишке ашырылууда. Жалпысынан бул механизмдер товарларга байкоо жүргүзүүгө өбөлгө түзөт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттешүүчү улуттук системаны түзүүдөгү биринчи кадам болуп калат.

Тэги: салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть