Салык органдары жеке жактарга ар тараптан жана толук кандуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
28-марттан 31-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.
“Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18.00дөн кийин тапшыра алышат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.
Эскерте кетсек, 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,
– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,
– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.