Салык кызматы: 10 күндүн ичинде 158 млн сомдон ашык транспорт салыгы төлөндү

11.09.2020, 11:15 Акчабар
Салык кызматы: 10 күндүн ичинде 158 млн сомдон ашык транспорт салыгы төлөндү

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан берки 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.

МСКдан кабарлашкандай, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сомду, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туумдун көп эсептелбеши максатында салыкты азыр төлөөгө чакырат.

Тэги: МСК Транспорт салыгы төлөө мөөнөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть