Салык төлөөчүлөр электрондук кол тамганы колдонуудагы пайда болгон көйгөйлөргө нааразы болууда

13.04.2022, 11:03 Акчабар
Салык төлөөчүлөр электрондук кол тамганы колдонуудагы пайда болгон көйгөйлөргө нааразы болууда

Ушул жылдын февраль айынан тартып салык төлөөчүлөрдөн булут электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун түзүүдө (кол коюуда) пайда болгон техникалык көйгөйлөр тууралуу Салык кызматына даттануулар келе баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматы өз кезегинде бул ката салык кызматынын системасындагы техникалык көйгөй эмес экендигин билдирет.

“Салык системасы, анын ичинде Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн кабинети" штаттык режимде иштешет. Идентификациялоонун жана авторизациялоонун бирдиктүү системасы (ИАБС) Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын системасы болуп саналат жана анын иштөө мүмкүнчүлүгү жана коштоосу үчүн "Инфоком" жооп берет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, Салык кызматы ИАБС менен көйгөйлөр келип чыккан учурда "Инфокомдун" дарегине кайрылууну сунуштаййт.

Тэги: салык төлөөчүлөр электрондук кол тамга Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть