Өзбекстанда санарип технология борбору ачылды

03.02.2020, 11:45 Акчабар
Өзбекстанда санарип технология борбору ачылды

30-январда Ташкент шаарында электрондук өкмөт жана санариптик экономика боюнча өзбек-корей өнөктөштүк борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу Centralasia.news порталы кабарлады.

Иш-чарада улуттук долбоордуу башкаруу агенттигинин жетекчиси Дмитрий Ли жана Мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук министринин орун басары Юн Джон Ин баш болгон Корея делегациясынын мүчөлөрү катышты. Өлкө башчы Шавкат Мирзиеев Сенат жана Олий Мажлиске болгон өз кайрылуусунда 2020-жылды илим, агартуу жана санариптүү экономиканы өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгын айткан. Аталган борбордун ишке кириши өлкө башчынын аталган тармактагы белгилеген масштабдуу максаттарына жетүүдөгү дагы бир олутту кадам болуп саналат. Катышуучулар өз сөздөрүндө тараптар мамлекеттер арасындагы санариптүү экономика жана электрондук өкмөттү өнүктүрүү багытындагы кызматташуу жакшы жыйынтыктарды алып келерин белгилешти.

Корей тарап «Электрондук өкмөт» системасын өнүктүрүүдө катыша турган адистерди тартуулоого жана Кореянын тажрыйбасы менен бөлүшүүгө Агенттик жана мамлекеттик органдар үчүн узак жана кыска мөөнөттүү окуу курстарын уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Тэги: Өзбекстан санарип технология борбор ачылды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть