Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлөт

04.08.2020, 12:15 Акчабар
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлөт

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 35 миллион АКШ доллар каражатын кредиттик негизде 25 жылга берүүдө. Анын 5 жылы жеңилдетилген түрдө болсо, пайыздык өлчөмү жылына 1% менен алынат.

Финансылык каражаттар Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун узундугу 80.5 км түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконтрукциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат.

Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат. Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Корумдудан Балбай Баатырга чейинки жолду калыбына келтирүүнүн жалпы суммасы 128 миллион долларды түзүп, анын ичинен төмөнкүлөр багытталган:

  • курулуш иштерине - 110 миллион доллар;консультациялык кызматтар (долбоорду жана курулушту дыкат көзөмөлдөө) - 4 миллион доллар;
  • жолдорду оңдоо үчүн жабдууларды сатып алуу - 1,5 млн. доллар;
  • автоунаалардын салмагын контролдоо үчүн мобилдик жабдууларды сатып алуу - $ 0.34 млн;
  • Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн тейлөө - 0,5 миллион доллар;
  • финансылык аудит - 0,05 млн доллар;
  • күтүлбөгөн чыгымдар - 11,6 миллион доллар

Долбоордун 93,0 млн. АКШ долл. суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

  1. Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28, 90 млн.;
  2. Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22,00;
  3. Ислам өнүктүрүү банкы — 20,00 млн.;
  4. ОПЕК Эл аралык өнүктүүрүү фонду — 10,0 млн.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн 12,1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган.

Тэги: Суад өнүктүрүү фонду Кыргыз өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть