«Северэлектро» ААКнын абоненттеринин дебитордук карызы 347,6 млн.сомго азайды

23.10.2019, 10:17 Акчабар
«Северэлектро» ААКнын абоненттеринин дебитордук карызы  347,6 млн.сомго азайды

«Северэлектро» ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 1 - октябрга 366,9 млн. сомду түздү. Тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 347,6 млн. сомго же 48,7 %га төмөндөтүштү.

Дебитордук карыздын 312 млн. сомго же 59,3 % төмөндөшү калк категориясында катталган.
Бюджеттик уюмдар категориясы – 26,9 млн. сомго же 34,7 %;

- өндүрүш абоненттери – 9,5 млн. сомго же 21,1 % төмөндөтө алышкан.

Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз – 215 мин сомго же 5,8 % жана башка керектөөчүлөрүндө – 615 миң сомго же 1 %га жогорулаган.

«Северэлектро» ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:

- борбор калаада – 100 млн. сомго же 46,6 %;

- Чүй облусунда – 206,9 млн. сомго же 52,1 %;

- Талас облусунда - 40,6 млн. сомго же 39,6 % га төмөндөгөн.

Тэги: ААК Северэлектро 166 товар карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть