«Шаарларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кербен шаарына 204 млн сом бөлүнгөн

13.10.2020, 14:40 Акчабар
«Шаарларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Кербен шаарына 204 млн сом бөлүнгөн

Эл аралык АРИС уюмунун «Шаарларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарына 204 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, АРИС уюму Жалал-Абад облусунда ишмердүүлүгүн улантып, учурда элет калкынын жашоо шартын жакшыртуу, социалдык-экономикалык, айыл жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган чакан жана ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Акыркы эки жылдын аралыгында жеке ветеринар кызматынын туруктуу жана сапаттуу иш алып барышын көмөк кылуу үчүн облус боюнча 67 жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 134 ветеринарга жалпы 14 млн 268 миң сомдук материалдык колдоо көрсөтүлгөн.

«Учурда аталган долбоордун алкагында айыл чарбага колдоо көрсөтүүгө басым жасалууда. Бүгүнкү күнгө жалпы 560 млн 483 миң сом акча каражат жумшалган.
Анын 401 млн 816 миң сому АРИС уюму тарабынан грант катары берилген», - деп айтылат маалыматта.

АРИСтин облустук өкүлчүлүгүнүн аймактык координатору Айбек Касымовдун айтымында, жергиликтүү жамааттын салымы 158 млн 667 миң сомду түзгөн. Ал инвестициялык акча каражаттар атайын техникаларды сатып алууга, жайыт жерлерин тактоого, жер-жерлерде ветеринардык пункт, көпүрө, мал суу ичүүчү жайларды курууга жана башка кичи долбоорлорго жумшалган.

«Жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарына ылайык атайын техникаларды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлердин негизинде тракторлор, бульдозер-тракторлору, комбайн, фронталдык жүктөгүч, самосвал, чөп жыйноочу техника, соко жана башка шаймандары менен 228 даана атайын техника сатып алынган. Алар айыл өкмөттөрүнүн балансына коюлуп, жайыт комитеттерине келишимдик негизде оперативдүү башкарууга берилди»,- дейт А.Касымов.

Белгилей кетсек, АРИСтин «Шаарларды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында каражат бөлүнө турган шаарлардын катарына Кербен, Токтогул, Сүлүктү жана Балыкчы шаарлары кирген. Алардын ичинен Аксы районунун Кербен шаарына 204 млн сом каражат бөлүнгөн.

Тэги: АРИС уюму шаар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть