Швейцария менен ЮНФПА КР медкызматкерлерине ИКК берди

16.07.2020, 10:30 Акчабар
Швейцария менен ЮНФПА КР медкызматкерлерине ИКК берди

Швейцариянын өкмөтү БУУнун Кыргызстандагы Калкты жайгаштыруу тармагындагы фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине индивидуалдык коргонуу каражаттарын өткөрүп берди – бул 15 миллион сом өлчөмүндөгү колдоо. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ИКК Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы мобилдик медициналык бригадаларын камсыздоого жумшалат.

Гуманитардык жардам катары төмөнкү каражаттар келди:

  • Нитрилден жасалган кол каптар – 100 коробка;
  • Индивидуалдык халаттар – 3 миң 800;
  • Комбинезондор – 3 800;
  • Респиратордук бет каптар – (FFP2) – 3 миң 700;
  • Хирургиялык бет каптар – 5 миң;
  • Панорамалык көз айнектер – 3 миң 800;
  • Бет үчүн коргонуу каптары – 3миң 800.

Тэги: ЮНФПА Швейцария-Кыргызстан жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть